logo_hoc
Жыл сайын декабрдын биринчи жумасында АББК информатиканы иликтеп-үйрөнүүнүн эл аралык жумалыгын өткөрөт, ал тарыхтагы эң чоң билим берүү окуясы – «Код сааты» глобалдык акциясынын (https://hourofcode.com/us) бөлүгү болуп саналат. 2017-жылдын аягына карата бүткүл дүйнө боюнча жарым миллиарддан ашык адам бул акцияга катышты. Акция информатиканы жана программалоону иликтеп-үйрөнүүнү элге жайылтканга, ошондой эле IT-кесиптин кадыр-баркын жогорулатууга багытталган, булар учурда суроо-талап абдан чоң жана эмгек рыногунда жакшы төлөнгөн кесип болуп калды. Мектеп окуучулары, студенттер жана бардык чоң адамдар информатиканы жана программалоону иликтеп-үйрөнүшү керектигин улам тереңирээк аңдап сезе баштады, анткени бүгүнкү күндө турмуштагы ийгиликтүүлүк көбүнчө жогорку технологиялар кандайча иштегендигин түшүнүүдөн көз каранды болууда. Информатиканы жана программалоону иликтеп-үйрөнүү балдардын жана жаштардын логикасын, ой жүгүртүүсүн, милдеттерди өз алдынча чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт жана чыгармачыл дараметин ачуу үчүн аларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз бул демилге жыл сайын алдына койгон максаттарды ишке ашырууну көздөйбүз: программалоону – XXI кылымдын негизги көндүмүн иликтеп-үйрөнүүгө окуучуларды жандуу жана жеткиликтүү формада кызыктыруу; көнүмүштөрдү (стереотиптерди) бузуу…
kywiki
Кыргыз Википедиясы өлкөбүздөгү эң чоң билим берүү ресурсу болуп саналат жана аны айына 1,5 миллиондон көп жолу карашат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Википедиясында 80 миңден ашык макала бар. Сорос Фонду Кыргыз Википедиясын өнүктүрүү идеясын илгерилетүүнү жаңы гана баштаган 2011-жылдын мартында макалалардын саны болгону 1 300 эле. Википедияны толтурууга өлкөбүздөгү бардык ЖОЖдордун студенттери катышты, ал үчүн атайын “Википедия жумалыктары”, көптөгөн тренингдер менен слеттор жана кызыктуу адамдар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Учурда Кыргыз Википедиясы кыргыз тилиндеги маанилүү энциклопедиялык маалыматты камтыган ресурс гана эмес, бул википедиячылардын – редакторлордун, байкоочулардын, модераторлордун жана жөнөкөй колдонуучулардын зор коомчулугу да болуп саналат. Кыргыз Википедиясынын башкы редактору Чоробек Сааданбеков Викимедиа фондунун баалоосу боюнча 2015-жылы дүйнөдөгү мыкты 15 википедиячынын катарына кирди. Ал эми 2016-жылы Кыргыз Википедиясын өнүктүргөнү жана кеңейткени үчүн мамлекеттик «Данк» медалы менен сыйланды. Учурда Интернеттин пайдалануучулары универсалдуу эркин энциклопедия – Википедиясыз маалыматты алууну элестете алышпайт. Андагы макалалар ыктыярдуу авторлордун жамааттык эмгеги менен дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде түзүлөт. Анын негизги жетишкендиктеринин…
books
«Окуу укугу» долбоору контентти (мазмунду) билим берүү максаттарында эркин жана акысыз пайдаланууну ачыктоо (легалдаштыруу) үчүн мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоого жана кабыл алууга багытталган. «Окуу укугу – билим берүү укугу» долбоору өлкөбүздө копирайтты прогрессивдүү реформалоо боюнча дүйнөлүк демилгени колдоого багытталган, ал автордук укук жөнүндө мыйзамдарды санарип дооруна өзгөртүү тууралуу концепцияны коомчулуктун кеңири талкуулоосуна мүмкүнчүлүк берет. Ачык билим берүү ресурстарын колдогон кыймыл жаш экендигине карабастан, ал китепканалар кадимки кызматтарын да жана мыйзамдын алкагында санарип чөйрөсүндөгү милдеттенмелерин аткара ала турган мүмкүнчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын автордук укук жаатындагы мыйзамдары менен бекемдей алдык. Бүгүнкү күндө маалымат ресурстары (чыгармалар, окуу жана илимий адабият ж.б.) санарип форматында билим берүүнү өнүктүрүү, илимий ой жүгүртүү, маданий жана социалдык өнүгүү процесстеринин маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан китепкана тарабынан басылмаларды санарипке өткөрүү жана санариптик маалымат ресурстарын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү билимге болгон укукту илгерилетүүдө маанилүү роль ойнойт. Ушул өңүттөн алганда, башкы максаттардын бири «ак ниет же эркин пайдалануу» доктринасын киргизүү болуп саналат,…
rtr
www.lib.kg АББР репозиторийинде азыр 1000ден ашык билим берүү боюнча китептер ачык жеткиликтүү. Репозиторийдин максаты Кыргызстанда түзүлгөн АББРди топтоо, сактоо, жайылтуу жана аларды узакка, дайыма жана ишенимдүү алууну камсыз кылуу. www.lib.kg АББР репозиторийи – бул «ачык китепкана» – бул ачык лицензия менен коюлган көптөгөн материалдарды табууга боло турган орун, ал өзүндөгү материалдарды эркин пайдаланганга гана эмес, аларды өзгөрткөнгө жана кайра иштеп чыкканга укук берет. Сайттан Сиз мектеп окуулуктарын, китепкана архивдериндеги сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды табасыз. Бардык материалдар алып чыгуу (скачивание) үчүн электрондук түрдө жеткиликтүү. Ресурсту толуктоого КР Билим берүү жана илим министрлиги тартылган, ал ачык алуу үчүн жеткиликтүү кылып 500дөй китепти, КР Улуттук китепканасы 800дөн ашык китепти, КР УИАнын Кол жазмалар фонду 350дөн көп кол жазмалар бар дептерлерди, КР Жогорку аттестациялык комиссиясы 600дөн ашык толук тексттүү диссертацияларды жайгаштырды. Китептерди ачык алуу мүмкүнчүлүгүн элге жеткирүү менен катар АББК кыргыз тилиндеги ачык онлайн-курстарга активдүү жол салууда. Бул багыт боюнча бизде 50дөн ашык онлайн-курстар…
logo-koo

Ачык билим берүү үчүн коалиция

Контакты

1600 Amphitheatre Parkway, Mountain View, CA 94043

+1 650-253-0000
prothemes.net@gmail.com

Daily: 9:00 am - 6:00 pm
Sunday: Closed

Copyright 2016 © All Rights Reserved